Кичи футболдук аянтчалардын курулушу башталды

0
612

Алга айыл өкмөтүндөгү Алга 2 жана Чукур-Кыштак айылдарына ашар жолу менен 2 кичи футболдук аянтчалар курулат. Бүгүн айыл өкмөттүн башчысы Халмурза Досанов жергиликтүү эл менен биргеликте аталган эки айылдарда курулуштун башталышына старт берип, капсуланы салышты.

Кичи футбол аянтчаларын куруу иштери негизинен жергиликтүү эл тарабынан аткарылып, ал эми Алга айыл өкмөтүнүн бюджетинен курулуш материалдары сатып алынат.

Курулуштун жалпы сметалык баасы 3 млн сом деп бааланган. Өкмөт башчы жаңы окуу жылына карата кичи футболдук аянтчалар пайдаланууга берилээрин айтты.

Демилге Президент Садыр Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгынын алкагында ишке ашты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here