Баткен районуна караштуу Кайыңды айылындагы мектептин курулушуна республикалык бюджеттен жалпы сметалык баасы 91 млн сом ажыратылып, тендер өткөрүлүп, тендерден ЖЧК “ Авто-Энергоснаб” ишканасы жеңүүчү аталып иштер жүрүп жатат.
Мектеп ишке бериле турган болсо, райондун эң алыскы Кайыңды айылында 150 орундуу заманбап бардык шарттары менен мектеп курулуп, окуучуларга татыктуу билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.