Баткенден ажыга баргандардын тобу кайтып келди

0
894

13-июлдан баштап Баткен облусунуан Меккеге ажылык сапарга кеткендер кайтып келе баштады. 

Буга карата жергиликтүү бийликтин демилгеси менен ажылык сапарга баргандарды тосуп алуу иш чаралары уюштурулду.

Белгилей кетсек, алыскы ажылык сапардан келе жаткан жарандар, аба ырайынын ысыктыгынан, узак жолдон жана башка себептерден улам, ден соолугуна байланыштуу жардамга муктаж болуп калган учурда ыкчам жардам көрсөтүү максатында облус башчысы тапшырмасы менен “Жардам көрсөтүү” жайлары уюштурулган.

Алар түнү менен иштеп, ажыларга кызмат көрсөттү.

Бул пункттар бүгүн 14-июль күндөрү да иштейт. Эске салсак, 18-июнда Баткен облусунан 700 жаран, 17 ажы башчы ажылык сапарга жөнөп кеткен. Аларды Кызыл-Кыя шаарынан облус башчысы Абдикарим Алимбаев баштаган жергиликтүү жетекчилер узаткан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here