Милиция кызматкерлери сууда агып бара жаткан аялды куткарып калды

0
1502

Бүгүн, 14-июлда эрте менен Баткен районунун чек арага чектеш Кѳк-Таш айылына кире беришинде каналда агып бара жаткан аял кишини милиция кызматкерлери куткарып калышты. Ошол эле замат ооруканага жеткирип, сууга аккан аялга медициналык жардам кѳрсѳтүлдү. Учурда сууга аккан жарандын абалы жакшы.

Куткаруучулар полктун Баткен шаарында жайгашкан ѳзүнчѳ ротасынын кызматкерлери Мадияр Мотоев жана Мелис Мадали уулу болушкан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here