Баткенде биринчи жолу сууга сүзүү боюнча таймаш өттү

0
700

Баткенде мамлекеттик, жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин ошондой эле юристтердин кесиптик майрамына карата район акиминин кубогу үчүн сууга сүзүү жана волейбол мелдештери өттү. Бул тууралуу райондук бийликтин маалымат катчысы кабарлады.

Маалыматка караганда, мелдеште байгелүү орундар үчүн дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле мыкты оюн көрсөткөн катышуучуларга ыраазычылык барактары тапшырылып, 1-орундарды камсыз кылгандар акимдин кубогуна ээ  болушту. 

Бул мелдеш, президенттин инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү жарлыгын ишке ашыруу максатында, район акими Учкунбек Жоробаевдин демилгеси астында спортко көңүл буруу менен кызматкерлердин арасында достукту жана биримдикти чыңдоо максатында уюштурулуп өткөрүлдү. – деп белгиленет маалыматта. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here