Баткен: Тажикстанга кирип кеткен 6 баш бодо мал кайтарылды

0
1045

Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен районунун Көк-Таш айылынын 30 жаштагы тургунунун 6 баш ири мүйүздүү малдары кароосуз жүрүп, 8-июль күнү СМУ участкасы менен чектешкен Тажикстандын Исфара районунун Чорку айылына кирип кеткен.

Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсү менен Согди облусунун Исфара-2 РИИБдин милиция кызматкерлери сүйлөшүүлөрдүн негизинде 2023-жылдын 9-июль күнү кыргыз тараптын тажик тарапка өтүп кеткен 6 баш бодо малы кайтарылып, өз ээлерине тапшырылды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here