Бул тууралуу Салам Медиага ОИИБнын ЖКККБнын басма сөз катчысы Бектемир Мамытов билдирди.
Маалыматка таянсак, Баткен облусу боюнча ушул жылдын 3-июлунан 9-июлуна чейин 725 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды.
Анын ичинен:
- Мас абалында автоунаа башкаруу -6;
- Айдоочулук күбөлүгү жана автоунаага тийиштүү докумменттери жок авто унаа башкарган -10;
- Кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашырып айдаган -89;
- Алдыңкы айнегин мыйзамсыз караңгылатуу (тонировка) -1;
- Башка ар кандай жол эрежелерин бузган — 619;
- Убактылуу токтотуучу айып короого — 14 автоунаа токтотулган.