ӨКМ: Кыргызстанда абанын табы 41 градуска жетет

0
602

Кыргызстанда 12-14-июль күндөрү абанын температурасы кескин түрдө жогорулап, ысык аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө таянып маалымдады.

Синоптиктердин маалыматына караганда, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 36…41 градуска чейин, Талас облусунун өрөөнүндө 34…39°ка чейин жогорулашы күтүлөт.

Мындай кургак, ысык аба ырайы учурунда организмди чаңкоодон жана ысык өткөрүп алуудан сактоо үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөө сунушталат. Ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу керек.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here