Лейлекте 19 жаштагы аскер өзүн атып, каза болду

0
914

Баткен облусунун Лейлек районунун Мурас айылында кызмат учурунда 2004-жылы туулган жаран өзүн атып алган.

Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Ал кокустуктан улам өзүнө куралдан ок чыгарып алган. Маркум суткалык күзөт учурунда каза тапкан.

Белгилей кетсек, ал Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Жалгыз-Жыгач айылынын тургуну болгон.

Учурда бул факт боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here