Баткенде абитуриенттер үчүн ЖОЖго кабыл алууда жеңилдиктер каралды

0
1208

Баткен мамлекеттик университетине  ЖРТдан 100 упай топтогон бүтүрүүчү  бюджеттик негизде жана 95 упай алган абитуриет келишимдик негизде кабыл алынат. Бул тууралуу облусттук бийликтин басма сөз катчысы билдирди.

Маалыматка караганда, бул жеңилдиктер, президенттин Баткенкендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдердин макулдашуусунун жыйынтыгында келип чыккан. 

Мындан улам билим берүү жана илим министри “Баткен мамлекеттик университетинин абитуриенттери үчүн ЖРТнын босого баллын бекитүү жөнүндө” буйрук чыгарды.

Бул жеңилдиктин максаты, акыркы эки жылда Баткен облусунун чек ара аймактарындагы куралдуу жаңжалдын кесепеттерин  эске алуу менен, мектеп бүтүрүүчүлөрү  үчүн жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү болуп саналат. Анткени 2022-жылдын сентябрындагы чек арада болгон окуядан кийин жабыр тарткан жарандар эвакуацияланып, окуучулар башка мектептерге окууга мажбур болгон болсо, Лейлек районун Максат орто мектеби, Баткен районунда Б.Ходжаев жана Достук орто мектептери күйүп, колдонууга жараксыз болгондуктан, окуучулар жыл бою онлайн режиминде окушту. 

Белгилей кетсек, буга чейин да облус башчысынын сунушу менен 2021-2022-окуу жылында ЖРТнын босого баллын  төмөндөтүү менен Баткен Мамлекеттик Университетине гранттык орундар берилип, чек аралаш айылдардан 144 студент бюджеттик, 266 студент келишимдик негизде окууга кабыл алынган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here