Эл аралык баңги синдикатынын 22 жаштагы мүчөсү кармалды. Болжол менен 6 кг мефедрон алынды

0
1045

Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматкерлери УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте 2001-жылы туулган жарандан 6 килограммдай «мефедрон» психотроптук затын табышкан.

Мындан тышкары, кармалган жарандан милициянын жасалма документи алынган.

Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгүнүн (сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ошого тете мыйзамсыз өндүрүү) негизинде кылмыш иши козголду.

Белгилей кетсек, кылмыштуу ниетти ишке ашырууда жана жогоруда аталган психотроптук затты сатууда 22 жаштагы жаран менен башка белгисиз адамдардын мыйзамсыз кирешеси 33 миллион сомдон ашык сумманы түзүшү мүмкүн болмок.

Учурда  кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча атайын иликтөө жана ыкчам-издөө иш чаралары жүрүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here