Кечээ, 6-июлда президент Садыр Жапаров “Алтын Сертификаттын ээлерин жана жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай топтогон бутүрүүчүлөрдү сыйлады.
Иш чарада президент «Алтын сертификаттардын» ээлерине жана жогорку балл алган 21 бүтүрүүчүгө мактоо грамоталарын, эстеликке белектерди тапшырды.
Бул жылы Кыргызстандагы мектептердин 54 бүтүрүүчүсү «Алтын сертификатка» ээ болду. Алардын экөөсү Баткен облусунун Раззаков атындагы Кызыл-Кыя орто мектебинин окуучулары Бектур Момунов жана Феруз Турсуновдор.
Мындан тышкары президенттин мактоо баракчасын Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейинин бүтүрүүчүсү Айдар Насиров, Баткен облустук жатак мектеп-интернатынын бүтүрүүчүсү Нурмира Абдиллаева жана “Семетей” Кадамжай лицейинен Адилет Сейитовдор алышты.