Кыргызстанда инсулин өндүрүлүп чыга турган завод курулат

0
419

Евразия экономикалык биримдигинин өндүрүш тажрыйбасынын талаптарына жооп берүүчү дары-дармек заводунан, лабораториялардан, окуу борборунан, кампалардан турган атайын фармацевтикалык комплекс куруу тууралуу макулдашууга кол коюлганын 15-июнда Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, инвестициялык макулдашуу кыргыз өкмөтү менен нидерландиялык BioPharmax B.V. компаниясы ортосунда түзүлдү.

Кыргызстанда дары-дармек негизинен сырттан ташылып келгендиктен көбүнүн баасы жогору. Инсулиндин жетишсиздиги көйгөй жаратат.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда кант диабети менен 60 миңдей адам расмий каттоодо турат. Чынында алар мындан үч-төрт эсе көп болушу ыктымал. Кант диабетинин биринчи тибине чалдыккан эки миңден ашык бала бар.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here