Бүгүн Бишкек шаарында Кыргызстандын «Ак шумкар» командасы Ирандын курамасына каршы ойнойт 

0
646

Бүгүн, 16-июнда Бишкектеги Дөлөн Омурзаков атындагы стадиондо футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасы Иранга каршы ойнойт. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясы маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, «CAFA Nations Cup 2023» турниринин алкагында өтүп жаткан бүгүнкү оюнда жеңишке жеткен команда финалга чыгып, утулганы үчүнчү орунга ойнойт. 

Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 20:00де башталат.

Буга чейин Кыргыз курамасы ушул эле турнирдин алкагында Ооганстан курамасын 1:0 эсебинде  уткан болчу.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here