Баткенде мыйзамсыз сатылган бир гектар жер кайтарылды

0
1026

Баткенде 2017-жылда мыйзамсыз жеке менчикке сатылган Баткен токой чарбасына таандык бир гектар жер тилкеси кайтарылды. Бул тууралуу Салам Медиага  Баткен облустук прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Салимбек Бапов  билдирди.

Ага ылайык, аталган жер тилкеси 1977-жылы Баткен райондук кеңешинин чечими менен Токой чарбасына контора жана турак жай үчүн берилген. 

Аталган факты боюнча облустук прокуратура тарабынан 2020-жылы Баткен токой чарбасынын жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Баткен филиалынын кызматкерлерине карата 2 кылмыш иши козголуп, жеке менчик ээсинин укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерин жараксыз деп табуу үчүн сот органдарына доо арыздар келтирилген. 

Натыйжада 2023-жылы сот органдарына келтирилген доо арыздар канааттандырылып, областтык прокуратура тарабынан келтирилген прокурордук актынын негизинде базар баасы 83 млн 859 миң 300 сомдук 1,0 га жер аянты Баткен токой чарбасынын эсебине кайтарылды.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here