Акылбек Жапаров Лейлек районунда жаңыдан курулган турак үйлөрдүн абалы менен таанышты

0
679

Кечээ 15-июнь күнү Министрлер Кабинетинин Төрагасы  Акылбек Жапаров 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы каргашалуу окуялардын натыйжасында талкаланган Лейлек районунун бир нече айылдарында курулуп бүткөн турак-жайлардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, Текшерүүнүн жүрүшүндө Баткен облусу боюнча жалпысынан 417 турак-жай жабыркаганы, бүгүнкү күндө 416 турак-жайдын курулушу бүткөрүлгөнү айтылды. Ак-Сай айылында жайгашкан бир үй 2 күндүн ичинде бүткөрүлөөрү белгилүү болду.

Ошондой эле, төрага Лейлек районунун ички жолдорун реконструкциялоо иштери менен таанышып, жергиликтүү бийлик жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, үйлөрдү курууга республикалык бюджеттен 1,3 млрд сомдон ашуун каражат бөлүнгөн.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here