Өзбек тарап кыргыз-өзбек чек арасынан ID-карта менен өтүү нормасын бекитти

0
829

Бирок кыргыз тарап  бир нече күндөн кийин Жогорку Кеңеште карап чыгаары маалымдалган. 

Буга чейин Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек арадан чет элдик паспорт менен гана өтүүгө мүмкүн болчу.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстан менен чек арадан өтүү боюнча эл аралык келишимге өзгөртүүлөрдү бекитти. Ага ылайык, эми жалпы жарандык паспорттун ордуна ID-картаны колдонсо болот. Бул тууралуу Өзбекстандын маалымат каражаттары жазып жатат.

Буга чейин чек арадан жалпы жарандык паспорт менен гана өтүүгө мүмкүн болсо, эми ID-карта жетиштүү;

Мурда 16 жашка чейинки балдар туулгандыгы тууралуу күбөлүккө тиркелген атайын кошумча кагаз алышы керек болчу. Эми бул норма алып салынды, балдарга жалпы жарандык паспорт колдонулат.

Бул чаралар протокол эки өлкө тарабынан жактырылгандан кийин күчүнө кирет. Кыргыз тарап тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыкан. Аны бир нече күндөн кийин Жогорку Кеңеш карап чыгышы керек.

Азырынча мыйзам толук иштелип бүтө электиктен чек арадан жалпы жарандык паспорт менен гана өтүүгө мүмкүн.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here