Кыштут айылында эл демилге көтөрүп бир миллиондук көпүрө курулууда

0
678

Баткен районунун Кыштут айылынын тургундары өз күчү менен айылды экиге бөлүп турган дарыянын үстүнө көпүрө сала башташты.

Көпүрө бүткөрүлсө 5 чакырымдай жол кыскарат. Демилге менен курулуп жаткан көпүрө жерден 35 метирдей жогору жайгашып, сел жууп кетүү коркунучу жокко эсе экендигин айылдыктар айтышты.

Буга чейин сел келип дарыяга кошумча суу кошулуп, жогорку жактагы көпүрөлөрдү алып кете турган болсо айылдын жарымы унаалары менен сыртка чыга албай калышчу.
Кыштут айылында миңден ашуун адам жашайт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here