Баткендин эки миңдей тургуну таза суу менен камсыз болду

0
694

Баткен шаарынын Чет-булак, Туура-Таш участкаларынын жана Самат Садыков көчөсүнүн жашоочуларына ичүүчү суу берилди. Бул тууралуу облустук бийликтин маалымат кызматы билдирди.

Таза суу көчөдөгү суу түтүктөрүнө берилүүдө. Алдыда ар бир үйгө таза суу киргизүү жумуштарын шаардык “Таза суу” ишканасы “Дүйнөлүк Эмират” кайрымдуулук уюму менен бирге ишке ашырат.

Облус башчысы мындай иш аракетти суу жетпеген башка конуштарда да колго алуу зарылдыгын белгиледи.

Суунун сапатына Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан лабороториялык изилдөөлөр жүргүзүлүп, талапка ылайык деп аныкталган.

Белгилей кетсек, жер астынан суу тартып чыгаруу жумуштарын аткарууга шаардык мэрия 2 млн каражат ажыраткан болсо, 1 млн 500 миң сомго жумуш аткарылган.
Натыйжада 80 метр тереңдиктен суу тарттырылып чыгып жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here