Бир аптада 136 кыргызстандык Орусиядан чыгарылды

0
399

Өткөн аптада 136 кыргызстандык миграциялык мыйзамдарды сактабаганы үчүн Орусиядан чыгарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен маалым кылышты.

Ошондой эле Сахарово айылындагы убактылуу кармоочу жайда ушундай эле негизде жүздөй кыргызстандык кармалып турганын кабарланды.

Кыргызстандык мигранттардын арасында Орусияда алты айлап, бир жылдап документтерин толуктабай, каттоого турбай жүргөндөр бар.

Соңку жылы Орусияда миграцияга байланыштуу бир катар жаңы талаптар кирди. Бул өлкөгө 2021-жылдын аягына чейин келген чет элдиктер, анын ичинде кыргыз жарандары 2023-жылдын 10-январына чейин медициналык кароодон өтүп, бармак изин каттатып, сүрөткө түшүшү керек болгон. Бул үчүн Москвадагы жарандар шаардан 70 чакырым алыстагы Сахарово деген жердеги көп функциялуу миграциялык борборго барышы керек.

Былтыр аталган борбор аркылуу эки миңден ашуун кыргызстандык Орусиядан чыгарылган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here