Ошто 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

0
936

Бүгүн 28-февралда Ош облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, саат 01:36да Кытай Эл Республикасынын аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 4 балл, Эркештам жана Икизяк айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here