Кадамжайда 10 гектарга жакын жер жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүлгөн

0
1424

Кадамжайдын Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кадамжай филиалынын жооптуу кызматкерлери, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен айыпталууда. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.

Маалыматка караганда айыпталган жарандар жер мыйзамдарын бузуп,34 млн 600 миң сомдук 10 гектарга чукул мамлекеттик жана муниципиалдык жерди жеке менчикке өткөрүп беришкен.

Аталган факты боюнча райондук прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here