Баткенде 2 аткезчилик фактысы аныкталды

0
1873

Баткенде жер семирткичтерди аткезчилик жол менен ташып кирүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Бажычылар Баткен шаарында кыргыз жаранынын башкаруусундагы унаадан Өзбекстанда өндүрүлгөн 77 кап өлчөмүндө карбамид минералдык жер семирткич табылган. Товардын жалпы салмагы 3850 кг, орточо базар баасы 184 миң 800 сомду түзгөн. Жүк бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес.

Мындан сырткары Баткен шаарында дагы бир мыйзамсыз товар ташып келүү фактысы аныкталды. кыргыз жаранынын башкаруусундагы унаадан 125 кап өлчөмүндө аммиак селитрасы табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 6250 кг, орточо базар баасы 237 миң 500 сомду түзгөн.

Аталган эки факты боюнча топтолгон материалдар бажылык текшерүү секторунда каралууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here