Лейлекте салык кызматкеринин өлкөнүн бюджетине зыян келтиргени аныкталды

0
1261

Мамлекеттик салык кызматынын Лейлек району боюнча башкармалыгынын кызматкери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен айыпталып кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарланды.

Маалыматка караганда, айыпталуучу пландуу көчмө салыктык текшерүү учурунда кызматтын кызыкчылыктарына жана КР салык мыйзамдарын бузган “Э.О” ЖЧКчына өзгөчө ири өлчөмдө бюджетке түшүүчү салыктардын көлөмүн азайтууга көмөктөшүп, аталган ЖЧКга кышкы дизелдик күйүүчү майга салык кодексинде белгиленген акциздик салыктын ставкаларын эске албай, 1 тоннасына 5000 сомдун ордуна 400 сом көрсөткөн, натыйжада өлкөнүн бюджетине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Ал эми айыпталуучунун аракетинен келтирилген материалдык зыян толугу менен калыбына келтирилип, бул кылмышка мамлекеттик салык кызматынын башка кызмат адамдарынын да катыштыгы бар экендиги такталууда, жана “Э.О.” ЖЧКсынын өкүлдөрүнүн аракеттерине укуктук баа берилет.

Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here