Баткенде аткезчилик фактысы катталды

0
1153

Баткенде 3 миң килограммга жакын күрүчтү аткезчилик жол менен ташыгандар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткендин Раззаков – Баткен — Ош унаа жолунда кыргыз жаранынын башкаруусунда Mercedes-Benz 518 үлгүсүндөгү унаадан  салмагы 24 килограммдан болгон 120 кап күрүч табылган. Ошондой эле жүккө тандык бажылык тариздөөнү тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес.

Аталган факт контрабанда жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын Бажылык териштирүү секторунда каралууда

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here