Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалисттери аныкталды

0
1958

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча 2022-жылдагы Дүйнө чемпионатынын жарым финалисттери аныкталды.
11-декабрга караган түнү Марокко курама командасы Португалияны 1:0 эсебинде жеңип алды. Беттеште жалгыз голду чабуулчу Юсеф Эн-Несири оюндун 42-мүнөтүндө португалиялыктардын коргонуудагы катасынан пайдаланып киргизди.
Марокко Дүйнө чемпионатында алдыңкы төрттүккө кирген тарыхтагы биринчи африкалык команда болуп калды.

Ошондойле эле, Франция Англияны 2-1 эсебинде жеңди. Биринчи болуп франсуздар гол киргизишти. Оюндун 17-мүнөтүндө жарым коргоочу Аурельен Чуамени англиялык дарбазачы Жордан Пикфорддун дарбазасына алыстан сокку урду. Ал эми Англиянын капитаны Харри Кейн 54-мүнөттө пенальтиде эсепти теңеди.

Ал эми 78-мүнөттө чабуулчу Оливье Жиру капталдан чыгарылган топту Пикфорддун дарбазасына багыттап, акыркы эсепти койду. 84-мүнөттө англиялыктар экинчи ирет пенальтиде эсепти теңдей алышмак, бирок Кейндин соккусу дарбазанын үстүнөн өтүп кетти.
14-декабрдагы жарым финалдык оюнда Хорватия Аргентина менен беттешет. Оюн Бишкек убактысы менен саат 01:00дө башталат. Ал эми 15-декабрда Франция менен Марокко таймашат.

Бул жолку Футбол боюнча дүйнө чемпиондугу Катардын Доха шаарында өтүп жатат. Анын ачылыш аземи 20-ноябрдын кечинде Дохадагы «Эль-Байт» стадионунда болгон. Мелдеш 18-декабрга чейин созулат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here