Кадамжайда 4 окуучуга айып пул салынды

0
2407

Кадамжайда «Өспүрүм» иш-чарасынын жүрүшүндө 4 мектеп окуучусуна тамеки тартканы үчүн протоколдор толтурулуп,  айып пулдар салынды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Ошондой эле базарлар,  соода түйүндөрү текшерилип,  мектепке барбай жүргөн 4 бала аныкталды. 

Кадамжайда жалпысынан 83 мектеп болсо, анын 54 мектебине жергиликтүү милициянын демилгеси менен видео байкоолор балдардын коопсуздугу үчүн орнотулган. 

Маалыматка ылайык, жаш балдардын коопсуздугун камсыздоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө максатында балдар менен иштөө инспекциясынын инспекторлору иш жүргүзүүдө. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here