Баткен районунун Чек, Жаңы-Жер жана Бужум айылынын Ынтымак, Андрей жерликтеринде көп тармактуу окуу борборлору пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук администрациянын маалымат кызматы кабарлады.
Аталган окуу борборлор Түштүк Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги — KOICA тарабынан «Кыргыз Республикасындагы айылдарды комплекстүү өнүктүрүү» долбоорунун алкагында ачылды.
Окуу борборлорунун сметалык баасы 20 млн сомдон ашуун. Бул көп тармактуу окуу борборлорунда балдар үчүн 3 сааттык бала бакча жана окуучуларды түрдүү билим алууга багыттай турган окуу курстары ачылат. Окуу борборлору керектүү эмеректер менен жабдылып, бардык шарттар түзүлдү.