Раззаков шаарынын көчөлөрүнүн бирине 2019-жылдын 16-сентябрында чек арадагы куралдуу кагылушууда баатырларча курман болгон чек арачы Равшан Муминовдун ысымы ыйгарылды.
9-декабрда өткөн чек арачынын ысымын ыйгаруу иш-чарасына Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча аскер бөлүктөрүнүн башчылары жана өздүк курамы, республикалык ‘’Жоокерлер энелери’’комитетинин Баткен облусу боюнча координатору Ж.Нуржанова, райондук, шаардык жергиликтүү жетекчилер жана маркум чек арачынын жакындары катышты.
Раззаков шаарында ушул эле күнү 2021-жылдын 29-апрелинде чек арадагы куралдуу кагылушууда баатырларча курман болгон прапорщик Бекзадбек Юлдашов да эскерилип, ал окуган Юрий Гагарин атындагы орто мектепте баатырдын атындагы ‘’Жаш чек арачы’’ классы ачылды. Иш-чарага жергиликтүү жетекчилер жана баатырдын үй-бүлөсү, окуучулар катышты.