Кызыл-Кыя шаарында 6-декабрда издөөдө жүргөн 35 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн облусттук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, өткөн жылдын февраль айында Кызыл-Кыя шаарындагы “Газпром” спорт комплексинин алдында Өзбекстандын Кувасай шаарынын 21 жаштагы тургуну бейтааныш 2-3 бала коркутуу менен кол телефонун жана чөнтөгүндөгү акчаларын алып, из жашырып кеткени тууралуу кайрылган.
Аталган факт окуя болгон күнү Кызыл-Кыя шаарынын КБРне каракчылык фактысы менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Бул ишке шектелип кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.