15-октябрда Чолпон-Ата шаарынын күн батыш тарабында жайгашкан Арал капчыгайына эс алууга чыгышкан Орусиянын 2 жараны байланыш жок, дайынсыз жоголгондугу тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине маалымат түшкөн.
Орус жарандарын Ысык-Көл райондук №31 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу издеп таап, тоодон аман -эсен алып түшүштү-деп белгиленет маалыматта.