Чек арада 24адам каза болуп,103ү жараат алды

0
1088

17-сентябрь саат 09:00гө карата алынган ыкчам маалыматтарга таянсак, чек ара чырынан жабыркагандардын саны 103 кишиге жетти.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, беш жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.

Жабыркагандардын денелеринин ар кайсы бөлүгүнө ок тийген жана жарылуудан жараат алышкан.

1. Баткен облустук бириккен ооруканасы — 41 жабырлануучу;

2. ЖДПБ Лейлек — 21 жабырлануучу;

3. ЖДПБ Кулунду — 3 жабырлануучу,

4. ЖДПБ Сүлүктү – 6 жабырлануучу,

5. Улуттук госпиталда — 20 жабырлануучу,

6. Улуттук хирургия борборунда – 1 жабырлануучу.

7. Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна – 6 жабырлануучу.

Андан тышкары, куралдуу кагылышуудан 24 кыргызстандык мерт кетти.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here