Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы жана машыктыруучулары Сербиядагы дүйнө чемпионатынан кайтып келишти.
Балбандарды министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жана жалпы күйөрмандар “Манас” эл аралык аэропортунан, салтанаттуу тосуп алышты.
Сербиядагы мелдештен Кыргызстандын куржунуна үч медаль топтолду. Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков алтын утса, Амантур Исмаилов коло медалдын ээси болду.
Дүйнө чемпионатында Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы жалпы командалык көрсөткүчтө бешинчи орунга илинди.