Бул тууралуу облустук ийликтин басма сөз катчысы билдирди.
Маалыматка караганда, мындай чечим 14-июлда Ош шаарынын аймагында келген катуу селден улам, жабыркагандарга колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.
“Президентинин Баткен облусундагы өкүлүнүн аппаратынын жана Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондук администрацияларынын аппаратынын, Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаардык мэрияларынын аппаратынын кызматкерлери бир күндүк эмгек маянасын, Ош шаардык мэриясынын эсебине которот,” – деп жазылат маалыматта.