Кадамжайдын Гавуян жайлоосунда Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын жаштары арасында эки күндүк “Эко Лагерь” уюштурулду. Бул тууралуу райондук бийликтен билдиришти.
Райондук бийликтин маалыматына караганда, аталган лагерде жаштарга «Экология», «жаратылышты коргоо», «биотүрдүүлүктү сактоо», «жашыл көндүмдөр», «лидерлик», «жашыл экономика», “оратордук чеберчилик» жана «өзүн-өзү өнүктүрүү» багыттарында билимдер берилди.
Лагерь “Жаштар санариптештирүү, лидерлик жана жашыл көндүмдөр үчүн” долбоорунун алкагында уюштурулган.