Кызмат өтөө учурунда дагы бир аскер каза тапты

0
647

17-августта Ички иштер министрлигинин Ош шаарындагы 703 аскер бөлүгүндө аскердин өлүмү катталды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан кабарлашты.
Акыйкатчынын Ош облусундагы өкүлү аталган аскер бөлүгүнө барган.

Аскер бөлүгүнүн жетекчилигинин айтымында, 17-августта эртең мененки саат 05:00 чамасында аскер бөлүгүнө текшерип-өткөрмө пунктунда турган аскер ошол жерде ары-бери басып жүрүп жыгылып түшкөн жана ошол боюнча турган эмес. Жанындагы аскерлер текшерип-өткөрмө пункттан ары 20-30 метр аралыктагы аскер бөлүгүнүн медпунктуна алып барышканда анын каза болгондугу аныкталган.

Акыйкатчынын өкүлү Соттук-медициналык экспертизанын башчысы Кылычбек Насиров менен жолугуп сүйлөшкөн. Ал аскерди алгачкы кароодо каза болгон аскердин денесинде эч кандай зомбулуктун белгилери жоктугун жана экспертизаны жүргүзүүдө атасы катышканын билдирген.

Соттук медициналык биологиялык экспертиза жүргүзүлүп, алдын ала божомол менен анын жүрөк оорудан каза болгондугун, ички органдардан алынган заттар жана бөлүкчөлөр алынгандыгын жана аларды изилдөөнүн жыйынтыгы бир айдын ичинде чыга тургандыгын маалымдаган.

Аскер бөлүгүнүн командири каза болгон аскер үйүнө кете турганына бир ай эле калгандыгын, 2 күн мурда ата-энеси келип кетишкендигин айткан. Өкүл аскердин ата-энесине да жолугуп, юридикалык жардам берүүнү сунаштады.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here