Баткенде жаштарды ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган тренинг өттү

0
389

Баткен шаарында «Жаш активистер мектеби» программасынын алкагында тандалып алынган жаштар үчүн тренинг болуп өттү.

Тренинг “коомду өнүктүрүүдө жаштар менен иштөө, жаштарды өнүктүрүүнүн жергиликтүү стратегиялары, каражат чогултуу, социалдык дизайн жана ишкердүүлүк” деген темаларды өзүнө камтыды.

Окутууга Баткен облусунан тандалып алынган 18 активист жаштар катышып, билим деңгээлин жогорулатуу үчүн чоң мүмкүнчүлүктү колдонушту.
Жаштар жарандык активдүүлүк, медиа сабаттуулук, лидерлик темаларында да билимдерин жогорулатып, долбоор жазууну үйрөнүштү. Алдыда өз демилгелерин ишке ашырууда жаштарга гранттык колдоолор болот дейт уюштуруучулар.

«Тынчтык демилгелери» коомдук бирикмесинин координатору Чыңгыз Көлчүев, өз сөзүндө “биз атайын сынак уюштуруп 18 жаш активисттерди, жер жерлерден тандап алганбыз. Бул окутуулар алардын жарандык активдүүлүгүн, билимдерин жогорулатууга багытталган. Окутуулардын жыйынтыгында жаштарга жеке маалыматтык компанияларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берилет” деп белгиледи.

Бул тренинг «Тынчтык демилгелери» коомдук бирикмелери жана Жаштарды өнүктүрүү институту тарабынан ишке ашырылып жаткан «ЖАШ ТИРЕК» долбоорунун алкагында өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, мындай тренинг үстүбүздөгү жылдын май айынан тарта, республиканын бардык аймактарында өткөрүлүп келүүдө

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here