Кызыл-Кыяда адам сүзүп качып  кеткен 20 жаштагы жаран кармалды

0
1053

Кызыл-Кыя шаарында 72 жаштагы адамды белгисиз автоунаа сүзүп качып кеткен. Бул тууралуу облустук милициядан маалымдашты.

Бул окуя 11-июнь күнү саат 03:15 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын көчөлөрүнүн биринде  болгон. Кылмыш иши боюнча Кызыл-Кыя шаардык милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары уюштурулган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө Кызыл-Кыя шаарынын 20 жаштагы тургуну кармалып,  убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here