“Тазасууканал” ишканасынын мурдагы жетекчиси кылмыштуулукка шектелип кармалды

0
837

Сүлүктү шаарындагы “Тазасууканал” ишканасынын ишмердүүлүгүнүн үстүнөн козголуп келген кылмыш ишинин алкагында,  “Тазасууканал” муниципиалдык ишканасынын мурдагы жооптуу жетекчиси 28 жаштагы жаран кармалды.

Облустук милициянын маалыматында, тергөө кызматы кылмыш ишин тергеп аталган ишкананын мурдагы жооптуу жетекчиси 161 259 сом өлчөмүндө мамлекетке зыянга учуратканы такталган.

Бул факты жазык кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренесинин негизинде Сүлүктү шаарындагы аталган ишкананын мурдагы жооптуу жетекчиси кармалып,  учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here