Баткен шаарында 9 кабаттуу үйлөрдөн турган, шаарча курулат

0
500

Баткен шаарында «Элит гранд» компаниясы өздүк салым менен 9 кабаттуу 2 үй курат. Үйлөр,  Султанмурат Миңбашы көчөсүндө, 37 сотых жерге курулат. «Элит гранд» компаниясы тарабынан курулган көп кабаттуу үйлөр түз келишим менен сатылат. Учурда курулуштун орду даярдалууда жана эки тараптуу келишим түзүлүүдө деп билдирди шаардык мэрия.

Мындан сырткары шаардын Чет-Булак кварталынын Түлкү-Таш массивиндеги 41,6 га жерге Түркиялык жеке ишкер тарабынан 9 кабаттуу 50-60 үй, балдар бакчасы, эс алуу багы менен, шаарча курулат. Түркиялык ишкер тарабынан курулган үйлөрдү жарандар ипотекалык негизде ала алышат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here