Баткенде эки тоннадан ашык тоок этин аткезчилик жол менен алып кирүү аныкталды

0
354

Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Бужум айылында Н.Т.А. аттуу жарандын башкаруусундагы Mercedes Benz Sprinter 515 үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Унааны текшерүүдө жалпы салмагы 2295 кг түзгөн тоңдурулган тоок эти аныкталган. Жүктө бажылык коштомо кагазы жок болгон.

Чогултулган материалдар Баткен облустук прокуратурага өткөрүлүп берилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here