Баткенде бир жумада 53 мас айдоочу аныкталды

0
381

Соңку аптада Баткен облусунун аймагында 1072 жол эрежелерин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу облустук милициянын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, тийиштүү документтери жок унаа башкарган 50 айдоочу, мас абалында авто таранспорт каражатын башкарган 53, белгиленген ылдамдыктан ашырып айдаган 116, мыйзамсыз терезелерин карангылатып алган бир айдоочу аныкталып, башка жол эрежелерин бузган 852 факты катталды.

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 141 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here