Улуттук тазалык күнү:Баткенде айлана чөйрөнү тазалоо, көрктөндүрүү иштери жасалды

0
482
Президент Садыр Жапаровдун “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгына ылайык, апрель айынын үчүнчү ишембиси “Улуттук тазалык күнү” деп белгиленген.
Ага ылайык, бүгүн облустун бардык аймактарында массалык ишембилик уюштурулду.
Натыйжада айлана чөйрөнү тазалоо, таштандылардан арылтуу, имараттарды жана турак үйлөрдү, коомдук жайларды актап сырдоо, оңдоп түзөө, сугат арыктарын чабуу, ички жолдорго шагал төшөө иштери аткарылды.
Мындан сырткары гүл жана бак дарак көчөттөрүн отургузуу иштери жасалып жатат.Тагыраагы,
-Лейлек районунун Ай-Көл айылында 3 га жерге 1600 түп алма көчөттөрү, Кара -Суу айылында 2 га аянтка 2200 даана ит мурундун көчөттөрү отургузулду.
-Кадамжай районунун Айдаркен шаарында 400 даана мөмөлүү бак дарактардын көчөттөрү отургузулду.
-Баткен районунун Чоң-Гара жерлигине мөмөлүү бак дарактардын 1500 көчөтүн отургузуу иштери аткарылууда.
-Баткен шаарында 1000түп гүл көчөттөрү отургузулуп жатат.
-Кызыл-Кыя шаарына гүл көчөттөрү жана ийне жалбырактуу,мөмөлүү бак дарак көчөттөрү отургузулуп, гүл өстүрүүчүлөр арасында сынак уюштурулду, жеңүүчүлөр аныкталууда.
-Сүлүктү шаарынын Белес жерлигинде жана «Тоо бүркүтү» балдар лагеринде айлана чөйрөнү тазалоо жана көрктөндүрүү иштери жасалды.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here