Кадамжайдагы реаблитациялык борбордун жер маселеси чечилет

0
175

Кадамжай районундагы иштеп жаткан оорулууларды калыбына келтирүү борборунун жаңы имаратын куруу үчүн жер тилкеси ажыратылат. Бул тууралуу район акими Болоткан Баяке уулу аталган борбордун абалы менен таанышуу учурунда билдиргенин райондук бийликтин басма сөз катчысы кабарлады.

Ага ылайык, район акими Болоткан Баяке уулу аталган борборго болгон иш сапарында эми жаңы имаратты курууга жер райондун аймагынан бөлүнөрүн, ал үчүн жакынкы күндөрү тийиштүү тапшырмалар бериле тургандыгын кошумчалады.

Бул реаблитациялык борбордо өлкө аймагынан майыптыгы бар жарандар дарыланышат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here