Кызыл-Кыяда санариптештирүү боюнча жаштар форуму өттү 

0
146

Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аймактык жаштар форумуна жогорку окуу жайлардын студенттери жана Баткен облусунун жаштар уюмдарынын активдүү мүчөлөрү катышты. Ошондой эле иш чарада өлкөнүн алдыңкы санариптик уюмдарынын өкүлдөрү СӨМгө караштуу “Түндүк”мамлекеттик мекемесинин жана “Инфоком”мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү, “D-CASA – КР” долбоорунун өкүлү, “Мега”, “Beeline” жана “О” уюлдук операторлорунун өкүлдөрү өз презентацияларын жасашты.

Форум региондордун жашоочуларын, жаштарды инновациялык санариптик технологияларды колдонуу көндүмдөрүнө окутууда жаңы санариптик чечимдер жөнүндө максималдуу маалымдоо максатын көздөйт. Алдыда ушул сыяктуу форумдар жыл ичинде Кыргызстандын бардык аймактарында өткөрүлөт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here