Зардалыга бир тилкелүү жол салынат

0
303

Баткен районунун Зардалы айылына  баруучу бир тилкелүү жол салынат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Анын айтымына караганда, жол салуу иштери 2025-жылдын бюджетине киргизилип,  жаздын алды менен иш башталат.

«Эки тилке кылууга мүмкүн эмес, кулап кетүү коркунучу бар. Жол кыймылындагы коопсуздук үчүн бир тилкелүү жолдун ар кайсыл жерине каршы келе жаткан унааны өткөрүп жиберүү үчүн “чөнтөкчөлөр” жасалат. Зардалыга жол мамлекеттин коопсуздугу үчүн зарыл», – деп жазды мамлекет башчысы.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here