Алимбаев Баткен облусунун футбол ассоциациясынын жаңы президенти болуп  шайланды

0
159

Бүгүн, 9-апрелде Баткен облусунун футбол ассоциациясынын жалпы жыйыны өттү.  Жыйындын күн тартибинде футбол ассоциациясынын президенти алмашып, ага Абдикарим Алимбаев шайланды. 

Жыйында Баткен областынын футбол ассоциациясынын  башчысынын биринчи орун басарылыгына мурдагы төрага Айбек Ражапов шайланды. 

Жыйынга облус аймагындагы жетекчилер, спорт комиттеттердин өкүлдөрү жана машыктыруучулар катышты. Ошондой эле Баткен облусундагы футболдун абалы жана алдыдагы пландар боюнча кеңири маалымат берилди.

Эске салсак, Президент Садыр Жапаров “2024-2034-жылдарга өлкөдө футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндөгү” жарлыгынын 8-пунктунда аймактык футбол ассоциацияларынын президентинин кызмат ордун Президенттин облустардагы өкүлдөрү ээлей тургандыгы белгиленген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here