Ташиев менен Ятимов кыргыз-тажик чек арасын талкуулады

0
682

Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча эки тараптын Өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов ортосунда жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. 

Маалыматка караганда, жолугушууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселелери талкууланды. Ошондой эле делимитация жана демаркациялоо боюнча эки мамлекеттин чек ара сызыгынын калган аймактарында мындан ары дагы тактоо иштерин улантуу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here