Кыргызстанда мектептер арасында сынак өтөт

0
532

Билим берүү жана илим министрлигинин “Кыргызстандын мыкты мектебин тандоо жөнүндө” буйругу чыкты.

Министрликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей, республикалык тандоо 5 этаптан турат.

Сынакка, мурдагы жылдары жеңүүчү болуп аныкталбаган жана окуучулардын саны, үч жүздөн кем эмес мектептер, профилдик жана автордук программаларды ишке ашырган, окуучуларга багытталган ийримдерди уюштурган мектептер, билим сапаты жогору жана билим берүү кызматын өнүктүрүүдө, жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстерди, анын ичинде электрондук билим берүү ресурстарын колдонууда тажрыйбасы бар мектептер, район, шаар жана облус боюнча мыкты жетишкендиктерге ээ болгон мектептер катыша алат. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here