Баткен шаарынын Кызыл-Дөң тоосуна эс алуучу жай курулат. Бул тууралуу шаардык бийликтен билдиришти.
Маалыматка караганда, эс алуу аймагына суу тартылып, жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт. Учурда шаардык “Капиталдык курулуш” муниципалдык ишканасы шаарды бийиктен карап эс алуу жайдын эскизин түзүүдө. .
Ошондой эле шаардык бийлик эс алуу жайды 2024-жыл ичинде толугу менен бүткөрүүнү пландап жатат.